> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Евробиримдик санкциялар жана банк секторун талкуулашты
- URL: https://im.kg/biilik/2026/02/27/kyrghyzstan-mienien-ievrobirimdik-sanktsiialar-zhana-bank-siektorun-talkuulashty/
- Published: 2026-02-27T05:10:10.000Z
- Updated: 2026-02-27T05:10:09.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан менен жолугушту. ЕБ өкүлү Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматына билдиришти.** 

Тараптар санкциялык маселелер боюнча пикир алышты. Кыргыз тарап тышкы экономикалык операцияларда комплаенс, финансылык мониторинг жана көзөмөл чаралары күчөтүлүп жатканын билдирди.

> Ошондой эле экспорттук жана финансылык көзөмөл боюнча бардык катышуучулардын жоопкерчилиги, анын ичинде контрагенттерди текшерүү жана товарлардын акыркы колдонуучусун аныктоо маанилүү экени белгиленди.

Финансы сектору боюнча коммерциялык банктарда контролдук механизмдерди күчөтүү жана тобокелдүү транзакцияларды бөгөттөө чаралары тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар техникалык кызматташууну жана диалогду улантууга макулдашты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/8-10.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/7-15.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/3-81.jpeg)