> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депутат "Бакай-Ата" конушундагы жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну суранды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/03/04/dieputat-bakai-ata-konushundaghy-zhier-tilkielierin-kattoonu-yldamdatuunu-surandy/
- Published: 2026-03-04T06:45:51.000Z
- Updated: 2026-03-04T06:45:51.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Саясат, Кыймылсыз мүлк

**Депутат Уланбек Жаанбаев "Бакай-Ата" турак жай массивиндеги жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну Жогорку Кеңештин жыйынында суранды.**

Анын айтымында, "Бакай-Ата" жаңы конушу **1989-жылы түзүлгөн** жана баш калаадагы алгачкы турак жай массивдеринин бири болуп эсептелет.

"Аймакта негизги инфраструктуралар — газ жана канализация бар, бирок 96 үй-бүлөнүн дагы эле өз үйлөрүнүн менчигин толук каттай албай жатканы көйгөй болуп турат. Алар бизге жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну суранууда, анткени жер амнистиясы боюнча президенттин жарлыгынын мөөнөтү март айында бүтөт", — деди Уланбек Жаанбаев.