> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ӨКМ айдоочуларды ишке чакырат
- URL: https://im.kg/biilik/2026/03/04/okm-aidoochulardy-ishkie-chakyrat/
- Published: 2026-03-04T12:32:17.000Z
- Updated: 2026-03-04T12:32:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат, Транспорт

**Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт өчүрүү унаасын айдоочуларды жумушка чакырат. Ведомствонун маалыматына караганда, талапкерлер 21 жаштан жогору, ден соолугу чың, соттуулугу жок, Кыргызстандын жараны болууга тийиш.**

В жана С категориясындагы 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар айдоочулук күбөлүгү (Е – артыкчылык) болушу керек.

Документтер 2026-жылдын 4-мартынан 4-апрелине чейин кабыл алынат. Дареги: Бишкек шаары, Осмонкул көчөсү 128.

Байланыш телефондору: 0312 43 91 16, 0312 43 91 09.