> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Табийгатты коргоо мыйзамын бузгандарга 18 млн сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/03/04/tabiighatty-korghoo-myizamyn-buzghandargha-18-mln-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-03-04T06:36:36.000Z
- Updated: 2026-03-04T06:36:36.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Саясат, #Жаңылыктар

**2025-жылы Кыргызстанда табиятты коргоо мыйзамын бузгандарга жалпы 18 миллион сом өлчөмүндө айып пул салынганын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Азат Сагынов "Биринчи радио" эфиринде билдирди.** 

> Анын айтымында, өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоо багытында ***300дөн ашык рейд жүргүзүлгөн***, алар аңчылык сезонуна жана башка учурларга тиешелүү болгон.

- Өсүмдүктөрдү коргоо боюнча **260тан ашык айыппул салуу** иши жүргүзүлүп, суммасы 6 миллиондон ашык сомду түзгөн, анын **90%ы өндүрүлгөн**
- Жаныбарларды коргоо боюнча **1000ден ашык протокол түзүлгөн**, суммасы дээрлик 12 млн сом, анын да **90%ы өндүрүлгөн**.

"2025-жылы биз Соң-Көл, Ысык-Көл көлдөрү жана суу сактагычтардагы синтетикалык торлорду жок кылуу иштерин күчөткөнбүз. Айрым учурда дарыя сууларында да синтетикалык торлорду коюп жаткандар бар", — деди Азат Сагынов.

Ал кошумчалагандай, Министрлер кабинети 2024-жылдын 28-майында №270 токтомду кабыл алып, айрым өсүмдүктөрдү пайдаланууга убактылуу тыюу (мораторий) киргизген, ал 2027-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот.