> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Башкы прокурор Сот аткаруучулар кызматынын жаңыланган имараты менен таанышты
- URL: https://im.kg/biilik/2026/03/05/bashky-prokuror-sot-atkaruuchular-kyzmatynyn-zhanylanghan-imaraty-mienien-taanyshty/
- Published: 2026-03-05T10:51:45.000Z
- Updated: 2026-03-05T10:51:44.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Бүгүн Башкы прокурор Максат Асаналиев Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн имараты жана анын айланасындагы аймак менен таанышты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.** 

Иш сапардын жүрүшүндө кызматтын жетекчилиги аткаруу өндүрүшүн уюштуруу, жарандарды кабыл алуу тартиби жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана маалыматтык системаларды өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтылды.

> Башкы прокурор имараттагы кызматкерлер үчүн түзүлгөн иш шарттары жана жарандарга ыңгайлуу кабыл алуу инфраструктурасы менен таанышып, кызматтын ишмердүүлүгүн мындан ары жакшыртуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-21.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/4-14.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/5-8.jpeg)