> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын облусунда 104 гектар жер мыйзамсыз ижарага берилген
- URL: https://im.kg/biilik/2026/03/09/naryn-oblusunda-104-ghiektar-zhier-myizamsyz-izharagha-bierilghien/
- Published: 2026-03-09T06:27:36.000Z
- Updated: 2026-03-09T06:27:35.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Саясат, #Жаңылыктар

**Нарын облусунда 104 гектар токой жерин мыйзамсыз ижарага берүү фактысы аныкталганын Башкы прокуратура билдирди.**

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу Жумгал районундагы токой чарбасынын ишин текшерүү учурунда аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук токой чарбасынын кызмат адамдары 2019–2024-жылдары жер тилкелерин ижарага берүү боюнча формалдуу түрдө конкурстарды өткөрүп, бирок иш жүзүндө жасалма протоколдорду түзүшкөнү белгилүү болгон.

***Ушул документтердин негизинде 49 жаранга токой фондунун жерлери 49 жылга ижарага берилген. Жалпы ижарага берилген жердин аянты 104,19 гектарды түзгөн.***

Прокуратуранын маалыматына караганда, жооптуу кызматкерлер кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнө же башка адамдарга пайда табуу максатында мыйзамсыз аракеттерди жасашкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголду.