> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министрликке сунушталган 10 талапкердин 9у коррупционер деп табылган – С.Жапаров
- URL: https://im.kg/biilik/2026/03/11/ministrlikkie-sunushtalghan-10-talapkierdin-9u-korruptsionier-diep-tabylghan-s-zhaparov/
- Published: 2026-03-11T05:33:18.000Z
- Updated: 2026-03-11T10:10:43.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Саясат, #Жаңылыктар

**ӨКМ башчылыгына сунушталган 10 талапкердин 9у коррупцияга байланыштуу деп табылганын Садыр Жапаров Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри кызматтан бошотулгандан кийин ал **он талапкерди карап чыгууну сунуштаган**.

> "Бирок алардын тогузу боюнча коррупциялык иштер бар экени аныкталды. Бизде мамлекеттик кызматта таза, татыктуу кадрлар калбай калганбы? Биз эптеп ылайыктуу талапкерди таптык", — деди президент.

> Буга чейин Урматбек Шамырканов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин министри **пара алуу боюнча** кызматынан четтетилген.