> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мыйзамсыз бензин саткан жайлар күн сайын текшерилет
- URL: https://im.kg/biilik/2026/03/19/myizamsyz-bienzin-satkan-zhailar-kun-saiyn-tiekshieriliet/
- Published: 2026-03-19T04:26:28.000Z
- Updated: 2026-03-19T04:26:27.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Саясат, #Жаңылыктар

**Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясынын мыйзамсыз соодага каршы күрөшүү бөлүмүнүн инспекторлору күн сайын күйүүчү-майлоочу материалдарды, анын ичинде бензинди мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча рейддерди өткөрүп жатышканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.**

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тартип бузгандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 286-беренесине ылайык протоколдор түзүлөт.

Муниципалитетте белгилешкендей, бул багыттагы иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.