> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жогорку Кеңеште 90 депутаттын 31и аял: Кыргызстан дүйнөдө лидер
- URL: https://im.kg/biilik/2026/03/19/zhoghorku-kienieshtie-90-dieputattyn-31i-aial-kyrghyzstan-duinodo-lidier/
- Published: 2026-03-19T06:26:34.000Z
- Updated: 2026-03-19T06:26:33.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Жогорку Кеңеште аял депутаттардын саны 31ге жетип, бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.**

Анын айтымында, Бириккен Улуттар Уюмунун Парламенттер аралык бирлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан парламенттеги аялдардын үлүшү боюнча дүйнөлүк лидер деп табылган.

> Төрага белгилегендей, парламентте аялдардын өкүлчүлүгүн арттырууга өзгөчө көңүл бурулуп келет. Учурда президиумда жана комитеттерде 30%дык квота сакталууда. Алгачкы жолу аял депутаттар комитет төрайымы жана эл аралык депутаттык топтордун жетекчиси болуп шайланышты.

Расмий маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештеги аял депутаттардын үлүшү акыркы жылда 12,9%га өстү. Бүгүнкү күндө 90 депутаттын 31и аялдар.