> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Манас Ордо” комплексин реконструкциялоого 1,3 млрд сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/biilik/2026/03/24/manas-ordo-komplieksin-riekonstruktsiialoogho-1-3-mlrd-som-bolundu/
- Published: 2026-03-24T13:55:01.000Z
- Updated: 2026-03-24T13:55:00.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексине барып, реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 1 млрд 300 млн сомду түзгөн реконструкциядан кийин комплекс күнүнө 10 миңге чейин адамды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Курулуш иштерин ушул жылдын июль айына чейин аяктоо пландалууда.

> Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө МинКаб башчысы Талас облустук юстиция башкармалыгынын административдик имараты — “Юстиция үйүнүн” жаңы имаратын ачты. Республикалык бюджеттин эсебинен курулган имарат заманбап шарттар менен камсыздалып, пайдаланууга берилди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/1-165.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-83.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/69c25a3f69daf.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/69c25cb1dddcf.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/69c25cb411a9c.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/69c25a406495c.jpeg)