> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына иш сапары менен барды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/03/26/adylbiek-kasymaliiev-kazakstan-riespublikasyna-ish-sapary-mienien-bardy/
- Published: 2026-03-26T10:40:31.000Z
- Updated: 2026-03-26T10:40:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Бүгүн, КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына жумушчу сапары менен келди. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын учагы Шымкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду.**

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына ошондой эле, “Digital Qazaqstan – 2026” (Санарип Казакстан — 2026) эл аралык санарип форумуна катышмакчы.

Кыргызстандан барган делегацияны Казакстандын Премьер-министринин орун басары — Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиев жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.