> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адылбек Касымалиев "Digital Qazaqstan – 2026" форумуна катышты
- URL: https://im.kg/biilik/2026/03/27/adylbiek-kasymaliiev-digital-qazaqstan-2026-forumuna-katyshty/
- Published: 2026-03-27T11:59:09.000Z
- Updated: 2026-03-27T11:59:08.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумуш сапарынын алкагында "Digital Qazaqstan – 2026" эл аралык санарип форумуна катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Форумдун алкагында делегация башчылары санарип технологиялардын көргөзмөсү менен таанышып, жарандардын жашоосун жеңилдетүүгө жана экологияны коргоого багытталган долбоорлор сунушталды.

> Пленардык жыйында сөз сүйлөгөн Касымалиев технологиялар адам жашоосун тез өзгөртүп жатканын белгилеп, Кыргызстанда IT тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты. Анын айтымында, Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорттук үлүшү ИДПнын 1 пайызын түзөт. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 3 пайызга жеткирүү максатталууда.

Ошондой эле республикада Жасалма интеллект боюнча улуттук кеңеш түзүлүп, санариптик багыттагы иштер активдүү жүргүзүлүп жатканы айтылды.

> Жыйында жасалма интеллект, кибер коопсуздук, крипто экономика жана билим берүү сыяктуу актуалдуу темалар талкууланды.

Форумга мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөсүнүн, IT-компаниялардын жана эл аралык эксперттердин өкүлдөрү катышты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/1-174.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-88.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/4-63.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/5-35.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/9-6.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/69c6598590b85.jpeg)