> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты
- URL: https://im.kg/biilik/2026/03/27/adylbiek-kasymaliiev-ievraziia-okmottor-aralyk-kienieshinin-zhyiynyna-katyshty/
- Published: 2026-03-27T04:34:36.000Z
- Updated: 2026-03-27T04:34:35.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Жыйындын алдында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин делегация башчылары саламдашуу аземинен өтүп, биргеликте сүрөткө түшүштү.

Отурумда Евразия экономикалык биримдигинин алкагында экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды.

> Жыйынга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Армения өкмөт башчылары, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышты.

Кеңейтилген курамдагы жыйын 27-мартта уланып, анда ондон ашуун маселе каралат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/69c52d9c85a02.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/69c52da12602a.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/69c52db97da3c.jpeg)