> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Euronews менен кызматташат
- URL: https://im.kg/biilik/2026/04/01/kyrghyzstan-euronews-mienien-kyzmattashat/
- Published: 2026-04-01T07:15:43.000Z
- Updated: 2026-04-01T07:15:43.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Euronews” телеканалынын президенти Педро Варгас Давид менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Жолугушууда узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүү жана Кыргызстан тууралуу маалыматты эл аралык деңгээлде жайылтуу маселелери талкууланды.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, Кыргызстан учурда динамикалык өнүгүү жолунда болуп, эл аралык коомчулук менен ачык диалогду бекемдөөгө умтулууда. Ошондой эле өлкөдө өтө турган ири иш-чараларды, анын ичинде ШКУ жыйынын жана 2026-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дүйнөлүк медиа аркылуу чагылдыруу маанилүү экени айтылды.

> Өз кезегинде Педро Варгас Давид Кыргызстан менен узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, өлкөнүн жетишкендиктерин дүйнөлүк аудиторияга жеткирүүгө даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/69ccbb0bac354.jpeg)