> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адал индустрияны жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты
- URL: https://im.kg/biilik/2026/04/02/adal-industriiany-zhongho-saluu-boiuncha-myizam-dolbooru-koldoo-tapty/
- Published: 2026-04-02T06:49:12.000Z
- Updated: 2026-04-02T06:49:11.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору адал индустрия жаатындагы ченемдерди белгилөө жана өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

> Жыйында бир катар маселелер да көтөрүлдү. Депутат Эльвира Сурабалдиева ветеринардык адистерди даярдоо жана бул тармакка кадрларды тартуу зарылдыгын белгиледи. Ал эми Кубанычбек Самаков эпизоотиялык абал боюнча тынчсыздануусун билдирип, алдын алуу иштерин күчөтүүгө чакырды.

Ошондой эле депутат Улугбек Ормонов ветеринардык дары-дармектердин сапатына көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтты.