> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда "Мектеп 21" ачылып, IT адистер даярдалат
- URL: https://im.kg/biilik/2026/04/02/kyrghyzstanda-miektiep-21-achylyp-it-adistier-daiardalat/
- Published: 2026-04-02T03:18:57.000Z
- Updated: 2026-04-02T03:18:57.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Саясат, Кызыктуу

**Мамлекет башчысынын демилгеси менен Кыргызстанда “Мектеп 21 - санариптик технологиялар мектеби” долбоору ишке кирип жатат. Бул долбоор аркылуу жарандар акысыз билим алып, жогорку квалификациялуу IT адиси болуп чыгышат жана көрүнүктүү компанияларга ишке орношо алышат.** 

Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Расул Маматов "Кабар" агенттигине билдиришинче, “Мектеп - 21” долбоору Россиянын “Сбер” ачык акционердик коомунун мектеби болуп эсептелинет. 2024-жылы президент Садыр Жапаров аталган мекеменин башкы директору Герман Греф менен жолугушуусунда долбоорду Кыргызстанда ишке ашыруу боюнча макулдашылган. Президенттин тапшырмасы менен 2025-жылы алгачкы кадамдар жасалып, азыр бул долбоор Агартуу министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

> “Аталган окутуу платформасынан 18 жаштан жогорку жарандар IT тармагында билим алып, жогорку квалификацияга ээ IT инженерлери болуп чыгышат. Катардагы мектептерден айырмачылыгы – анда мугалимдер болбойт. Жарандар ал аркылуу өз алдынча билим алып, peer-to-peer (бири-биринен үйрөнүү) системасы аркылуу окушат.

> Мектептин негизги максаты - жарандардын IT тармагындагы квалификациясын жогорлатуу”,-деди ал.

Жетектөөчү адистин айтымында, мектепке бассейн ыкмасы менен алгач 200 адам кабыл алынат. Аларга IT тармагындагы базалык тапшырмалар берилет, аларды аткара алган жарандар окууга өтүшөт.

> “Негизинен мектепте эң жогорку деңгээлдеги шарттар түзүлөт. Себеби, ал Россиядагы “Мектеп 21дин” шарттарына шайкеш келиши керек. Окуунун узактыгы 1 жылдан 1,5 жарым жылга чейин созулат.

Дагы бир айырмачылыгы - “Сбер” компаниясынын Россиядагы мектептеринин көрсөткүчтөрүнө ылайык, аны аяктагандар 100% жогорку квалификацияны талап кылган, эң жогорку маяналуу жумуштарга кире алышкан”,-деп белгиледи ал.

Аталган долбоор Россияда 2018-жылы негизделген. Учурда аталган өлкөдө мындай 22 санариптик мектеп иш алып барат.