> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ТМУнун алкагында кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрү каралды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/04/02/tmunun-alkaghynda-kyzmattashtyktyn-zhany-mumkunchuluktoru-karaldy/
- Published: 2026-04-02T08:59:21.000Z
- Updated: 2026-04-02T08:59:20.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана вице-президенттери менен биргеликте Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмунун өкмөт башчыларынын экинчи жыйынынын алкагында өттү.

Адылбек Касымалиев жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан Азербайжан менен бир туугандык жана өз ара урматтоого негизделген мамилелерди жогору баалай турганын айтты.

> Анын айтымында, бул жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган. Ал соода, транспорт жана логистика тармактарындагы биргелешкен долбоорлор өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2-12.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/3-9.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4-5.jpeg)