> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент Ак-Буура дарыясындагы тазалоо иштеринин жүрүшүн текшерди
- URL: https://im.kg/biilik/2026/04/10/prezident-ak-buura-daryiasyndagy-tazaloo-ishterinin-zhurushun-teksherdi/
- Published: 2026-04-10T09:32:40.000Z
- Updated: 2026-04-10T09:32:39.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Президент Садыр Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын тазалоо жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти.**

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин маалыматына ылайык, дарыянын **17 чакырым тилкеси** текшерилип, иштерди жүргүзүүгө **24 млн сом** бөлүнгөн.

Жумуштарды аткарууга **22 даана атайын техника** тартылып, механикалык иштер башталган.

> Учурда дарыянын нугунан **323 510 тонна** сел калдыктары жана кум-шагыл массалары чыгарылды. Тазалоо иштерин **15-апрелге чейин** аяктоо пландалууда.

Президент суу объектилеринин экологиялык абалын жакшыртуу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү белгиледи.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/2-32.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/1-49.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/4-22.jpeg)