> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев кармалганы кабарланды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/04/13/ukmknyn-toragasynyn-murdagy-orun-basary-rysaliev-karmalgany-kabarlandy/
- Published: 2026-04-13T08:45:07.000Z
- Updated: 2026-04-13T08:45:06.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Саясат, Коом

**Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниэл Рысалиевди кармаганын “Азаттык” жазды.** 

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери аны Ысык-Көлдөн кармаган. ИИМ азырынча маалымат бере элек. Ага кайсыл иш боюнча, кандай айып коюлганы да азырынча белгисиз.

Ал 2025-жылдын декабрь айында УКМКнын төрагасынын орун басары - Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалган.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан бошоткондон кийин атайын кызматтын жетекчисинин бардык орун басарлары, анын ичинде Даниэл Рысалиев да жумуштан алынган.