> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан EXIM банкы менен каржылык кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карады
- URL: https://im.kg/biilik/2026/04/15/kyrgyzstan-exim-banky-menen-karzhylyk-kyzmattashuunu-keneituu-mumkunchuluktorun-karady/
- Published: 2026-04-15T09:34:42.000Z
- Updated: 2026-04-15T09:34:41.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев АКШнын Экспорт-Импорт банкынын (EXIM Bank) президенти жана төрагасы Жон Йованович менен жолукту. Жолугушуу Вашингтондо Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу каржылык кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты. Адылбек Касымалиев EXIM банктын жетекчилигине Кыргызстандын учурдагы экономикалык өнүгүүсү, акыркы беш жылдагы жетишкендиктери жана жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Жон Йованович EXIM банкынын негизги ишмердүүлүгү, анын АКШнын финансылык-кредиттик саясатындагы ролу жана эл аралык долбоорлорду каржылоодогу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири айтып берди. Ал Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

> Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан тармактарда өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана конструктивдүү диалогду улантуу боюнча макулдашышты.

Маалымат үчүн: АКШнын Экспорт-Импорт банкы (EXIM) — америкалык экспортту колдоого багытталган расмий федералдык экспорттук-кредиттик агенттик болуп саналат. 2025-финансы жылына карата банктын портфелинин жалпы көлөмү 34,8 млрд АКШ долларын түзгөн.