> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент ЖККУ Башкы катчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/04/17/prezident-zhkku-bashky-katchysy-taalatbek-masadykovdu-kabyl-aldy/
- Published: 2026-04-17T12:30:59.000Z
- Updated: 2026-04-17T12:30:58.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Президент Садыр Жапаров бүгүн, Жамааттык кызматташтык жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды.**

Өлкөлөрдүн жамааттык коопсуздугун бекемдөө, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү, ошондой эле уюмга мүчөмамлекеттердин биргелешкен чараларынын натыйжалуулугун арттыруу маселелери талкууланды.

> *Мамлекет башчысы Кыргызстандын өкүлүнүн уюмдун башкы катчысы кызматына дайындалышы маанилүү окуя экенин баса белгилеп, Таалатбек Масадыковго уюмдун кадыр-баркын чыңдоого жана жамааттык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган миссияны ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.* 

> *ЖККУ менен ШКУнун кызматташуусу Евразия мейкиндигинде коопсуздукту камсыз кылууга жана туруктуу өнүгүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө ишеним билдирди*.

Ошондой эле Мамлекет башчысы уюмдун башкы катчысын үстүбүздөгү жылы күзүндө өткөрүү мерчемделген ШКУ саммитине катышууга чакырды.