> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент согуш ардагерлерине 200 миң сомдон жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду
- URL: https://im.kg/biilik/2026/04/18/prezident-sogush-ardagerlerine-200-min-somdon-zhardam-beruu-tuuraluu-teskemege-kol-koidu/
- Published: 2026-04-18T06:02:34.000Z
- Updated: 2026-04-18T06:02:34.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тууралуу тескемеге кол койду.**

Документке ылайык, согуш ардагерлеринин айрым категорияларына 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку жардам берилет. Бул максатта Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан жалпысынан 4 млн 848 миң сом бөлүнөт.

Каражат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу, почта чыгымдарын эске алуу менен төлөнөт.

Бир жолку жардам төмөнкү категориядагы жарандарга берилет:

- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
- Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттер түзгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка кармоо жайларында жашы жете элек туткун болгон адамдарга;
- Ленинград блокадасы маалында (1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин) шаардагы ишканаларда, мекемелерде иштеп, тиешелүү медалдар жана белгилер менен сыйланган жарандарга.

> Бул чечим согуш ардагерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн алкагында кабыл алынган.