> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Анталия форумунда Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешине талапкерлигин илгерилетти
- URL: https://im.kg/biilik/2026/04/19/antaliia-forumunda-kyrgyzstan-buunun-koopsuzduk-keneshine-talapkerligin-ilgeriletti/
- Published: 2026-04-19T06:56:08.000Z
- Updated: 2026-04-19T06:56:08.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Анталия дипломатиялык форумунун алкагында Президенттин Администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев бир катар чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.** 

Ал Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча Президенттин атайын өкүлү катары катышты.

Жолугушуулар Эль-Сальвадор, Сьерра-Леоне, Коста-Рика, Руанда, Бангладеш, Замбия, Уганда, Сан-Томе жана Принсипи, Люксембург сыяктуу өлкөлөрдүн жогорку өкүлдөрү, ошондой эле Африка биримдигинин өкүлү менен өттү.

Тараптар эки өлкө ортосундагы саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

> Азамат Кадыралиев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, өлкөнүн туруктуу өнүгүүгө багыт алганын белгиледи. Ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелери каралды.

Жыйынтыгында тараптар глобалдык жана регионалдык деңгээлде биргелешкен демилгелерди алдыга жылдырууга кызыкдар экенин билдиришти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/333.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/222.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/444.jpeg)