> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан–Германия: парламенттик кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу аракети
- URL: https://im.kg/biilik/2026/04/19/kyrgyzstan-germaniia-parlamenttik-kyzmattashtykty-zhany-dengeelge-chygaruu-araketi/
- Published: 2026-04-19T06:11:03.000Z
- Updated: 2026-04-19T06:11:03.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**17-апрелде Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Германияга расмий сапар менен барды. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Марлен Маматалиев Кыргызстан Германия менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, парламенттер аралык диалогдун маанисине токтолду. Ошондой эле өлкөдө жүрүп жаткан реформалар, анын ичинде мамлекеттик башкарууну ачык-айкын кылуу жана бизнес чөйрөнү жакшыртуу боюнча иштер тууралуу кыскача маалымат берди.

> Төрага Кыргызстан инвесторлор үчүн ачык экенин айтып, салык системасы жаңыланып, административдик жол-жоболор жөнөкөйлөтүлүп жатканын белгиледи.

Жолугушууда Европа биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк келишимин, ошондой эле миграция жана визалык жеңилдиктер боюнча макулдашууларды тездетүү сунушталды.

> Германиянын Бундестагынын президенти Юлия Клёкнер бул сапар кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилеп, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маанилүү экенин айтты.

Сапардын алкагында кыргыз делегациясы Бундестагдын иши менен таанышты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/671500755_1271316795181540_6170601403201576175_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/672690075_1271316571848229_3463630987122834617_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/674256753_1271317515181468_978005221025232904_n.jpg)