> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кадамжайда садака кутусун бузган жигит кармалды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/04/21/kadamzhaida-sadaka-kutusun-buzgan-zhigit-karmaldy/
- Published: 2026-04-21T04:00:17.000Z
- Updated: 2026-04-21T04:00:16.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Саясат, Коом

**Кадамжайда мечиттеги садака үчүн коюлган кутудан акча уурдаган деп шектелген жаш жигит кармалганын Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, 20-апрелде саат болжол менен 3:30да Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун инспектору түштүк аймак боюнча санариптик көзөмөл жүргүзүп жатып, белгисиз адам "Аль-Бухари" мечитинин аймагында садака кутусун бузуп, акчаны алып кеткенин байкаган. Бул маалымат дароо укук коргоо органдарына берилген.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/438789.jpeg)

Окуя болгон жерге Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу чыккан. Ыкчам аракеттердин натыйжасында шектүү аныкталып, кармалган — ал Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Бел-Өрүк айылынын 19 жаштагы тургуну Ж.И. болуп чыккан.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") боюнча катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.