> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Ачык кабинет" долбоору: Эми министрлердин иши элге ачык көрсөтүлөт
- URL: https://im.kg/biilik/2026/05/12/achyk-kabinet-dolbooru-emi-ministrlerdin-ishi-elge-achyk-korsotulot/
- Published: 2026-05-12T07:04:29.000Z
- Updated: 2026-05-12T07:04:29.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" аттуу жаңы долбоорду ишке киргизет. Анын алкагында аткаруу бийлигинин негизги өкүлдөрү массалык маалымат каражаттары менен ачык форматта иш күндөрүн өткөрүшөт. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.** 

13-май күнү Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы объектилерге барат. Сапарлардын негизги максаты мамлекеттик долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөө жана жер-жерлердеги маселелерди ыкчам чечүү болуп саналат. ЖМК өкүлдөрү Министрлер Кабинетинин башчысынын иш процессин жеринен чагылдыра алышат.

> Ошол эле күнү Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — юстиция министри Аяз Баетов дагы журналисттер жана блогерлер менен бирге иш күнүн өткөрөт. Анын күн тартибине Юстиция үйүнө баруу, реформалар жана санариптештирүү боюнча бейформал жолугушуу, ошондой эле мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана бизнес өкүлдөрү менен дебюрократташтыруу маселелери боюнча кеңешме кирет.

Ал эми 15-май күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев долбоорго катышып, аймакты өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берет.