> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/05/12/adylbek-kasymaliev-kyrgyz-futbol-birimdiginin-prezidenti-bolup-shailandy/
- Published: 2026-05-12T06:25:59.000Z
- Updated: 2026-05-12T06:25:58.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз футбол биримдигинин кезексиз конгресси өттү. Бул тууралуу Футбол биримдигинен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында уюмдун жаңы жетекчилигин жана аткаруучу комитеттин мүчөлөрү шайланды.

КФБнын Уставына ылайык, президенттик кызматка жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги ачык добуш берүү аркылуу бир добуштан колдоого алынды.

> Ал эми аткаруучу комитеттин жаңы мүчөлөрү болуп Акылбек Маматов жана Жохан Ералханов шайланды.

Жаңы шайланган президенттин жана аткаруучу комитеттин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2030-жылга чейин созулат.