> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Марлен Маматалиев Улуттук хирургия борборундагы көйгөйлөр менен таанышты
- URL: https://im.kg/biilik/2026/05/12/marlen-mamataliev-uluttuk-khirurgiia-borborundagy-koigoilor-menen-taanyshty/
- Published: 2026-05-12T10:55:30.000Z
- Updated: 2026-05-12T10:55:30.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна барып, медициналык мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.**

Парламенттен билдиришкендей, төрага алгач Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясын ийгиликтүү жасаган дарыгерлер менен жолугуп, операция болгон бейтаптардан кабар алды.

Ошондой эле Марлен Маматалиев медайымдарды кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги адам өмүрүн сактоодо өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

> Мындан тышкары, төрага борбордогу медициналык жабдуулардын абалы менен таанышып чыкты. Дарыгерлер транспортология бөлмөсү тар экенин айтып, аны кеңейтүү өтүнүчүн билдиришти. Ошондой эле оорукананын айрым бөлүктөрү эскирип калганы айтылып, имаратты жаңылоо маселеси көтөрүлдү.

Марлен Маматалиев айтылган көйгөйлөр боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн билдирип, оңдоп-түзөө иштерине көмөк көрсөтүлөрүн кошумчалады.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-2.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/5-2.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3-2.webp)