> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Шайлоо эрежесин өзгөртүү демилгеленди
- URL: https://im.kg/biilik/2026/05/13/shailoo-erezhesin-ozgortuu-demilgelendi/
- Published: 2026-05-13T05:28:44.000Z
- Updated: 2026-05-13T05:28:43.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат

**Жогорку Кеңешке шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Анда талапкерлерге коюлган талаптарды күчөтүү жана шайлоо процессин санариптештирүү каралган. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.**

> *Жаңы сунуштарга ылайык, талапкерлер шайлоого катышуу ниетин билдирүүдөн мурда шайлоо фондун түзүп, күрөө төлөшү керек болот. Документтер толук болбосо, арыз кабыл алынбайт.*

> *Ошондой эле талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо электрондук форматка өтүп, санарип кол тамга аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.*

Мындан тышкары, үгүтчүлөрдүн саны кыскартылып, ар бир шайлоо участогунда үчтөн ашпаган адамга гана уруксат берилет.

Демилгечилер бул өзгөрүүлөр шайлоо процессин тартипке салып, ачык-айкындуулукту жогорулатат деп эсептешет.