> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Кытай маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты
- URL: https://im.kg/biilik/2026/05/14/kyrgyzstan-menen-kytai-madanii-gumanitardyk-kyzmattashtykty-keneituunu-talkuulashty-2/
- Published: 2026-05-14T12:55:07.000Z
- Updated: 2026-05-14T12:55:06.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө бурулуп, бул багыттагы биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун мааниси белгиленди.

> Кыргыз тарап гуманитардык долбоорлорду жана маданий алакаларды мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кытай делегациясынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусун кубаттап, бул иш-чара эки өлкөнүн достук мамилелерин бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого жана кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендиктерин ырасташты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-13.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3-12.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/4-12.jpeg)