> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акимдер менен мэрлердин иши жаңы система менен бааланат
- URL: https://im.kg/biilik/2026/05/19/akimder-menen-merlerdin-ishi-zhany-sistema-menen-baalanat/
- Published: 2026-05-19T07:00:46.000Z
- Updated: 2026-05-19T07:00:46.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинети жергиликтүү бийлик органдарынын ишин баалоонун жаңы системасын киргизди. Бул тууралуу Президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.**

Маалыматка таянсак, жаңы тартипке ылайык, эми облустардагы президенттин өкүлдөрү, шаар мэрлери жана район жетекчилери аймактын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча бааланат.

> *Баалоо жыл сайын жүргүзүлүп, ар бир жетекчи тапшырылган маалыматтын тактыгы жана өз убагында берилиши үчүн жеке жоопкерчилик тартат.*

> *Системаны Экономика жана коммерция министрлиги координациялап, бардык аймактар боюнча рейтинг даярдайт.*

Маалыматка ылайык, жаңы механизм жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин күчөтүп, аймактарды өнүктүрүү ишин натыйжалуу кылууга багытталган.