> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Максат Алымбековго  мандат тапшырылды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/05/19/maksat-alymbekovgo-mandat-tapshyryldy/
- Published: 2026-05-19T05:18:27.000Z
- Updated: 2026-05-19T05:18:26.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат

**Борбордук шайлоо комиссиясы 19-майдагы отурумунда Максат Алымбековго мандат берди.** 

Ага №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандаты өткөрүлүп берилди. 

11-майда Темирлан Айтиев өз арызы менен депутаттык мандатын тапшырган.

Максат Алымбеков парламенттик шайлоодо 2867 добуш алган. 

> *Ал Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн. 2001-жылы Бишкек шаарындагы орто мектепти аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен “Юриспруденция” адистигин аяктаган.* 

> *Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинен “Каржылык менеджмент” багыты боюнча экинчи жогорку билимин алган.*

Эмгек жолун 2005-жылы жеке адвокаттык кеңседе адвокаттын жардамчысы катары баштап, 2008-жылга чейин иштеген. 

2017–2021-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын жетекчиси болгон. 

2021-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты – “Ынтымак” фракциясынын лидери болуп иштеп жаткан.