> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адилет Орозбеков Кытайдын коомдук коопсуздук министри менен жолугушту
- URL: https://im.kg/biilik/2026/05/20/adilet-orozbekov-kytaidyn-koomduk-koopsuzduk-ministri-menen-zholugushtu/
- Published: 2026-05-20T05:12:35.000Z
- Updated: 2026-05-20T05:12:34.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков 19-май күнү Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен жолугушуу өткөрдү.**

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай мамлекеттер аралык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, коопсуздук тармагындагы эл аралык кырдаал боюнча пикир алмашышты.

> Адилет Орозбеков кытай тарапка 14-майда Бишкекте кыргыз тараптын төрагалыгы алдында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйынынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргызстан эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу жана заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-35.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3-31.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/5-9.jpeg)