> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чолпон-Атада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн аймак жетекчилери жолугат
- URL: https://im.kg/biilik/2026/05/21/cholpon-atada-shkuga-mucho-olkolordun-aimak-zhetekchileri-zholugat/
- Published: 2026-05-21T07:58:28.000Z
- Updated: 2026-05-21T07:58:27.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**27-29-май күндөрү Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин аймактарынын жана шаарларынын жетекчилеринин жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, форумдун жүрүшүндө аймак жетекчилери, өкмөт өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү соода, инвестиция, логистика жана туризм тармактарындагы конкреттүү долбоорлорду талкуулашат.

Иш-чаранын негизги практикалык жыйынтыгы катары аймактар аралык кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

> Форум ШКУнун 25 жылдыгына карата уюштурулуп, Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын алкагында “ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүү үчүн бирге” деген ураан алдында өтөт.

Жолугушууга Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь жана Иран мамлекеттеринин делегациялары, ошондой эле ШКУнун катчылыгынын өкүлдөрү катышат.