> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖК депутаты КМШ ПААсынын комиссия жетекчилигине шайланды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/05/21/dary-choptordu-osturuugo-zhana-paildaluuga-uruksat-beruu-boiuncha-myizamga-kol-koiuldu/
- Published: 2026-05-21T09:31:06.000Z
- Updated: 2026-05-21T09:31:06.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Бүгүн Санкт-Петербург шаарында КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) иш-чараларынын алкагында Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу Парламенттин Басма сөз кызматынан маалымдашты.** 

Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Эсенаманова аталган комиссиянын төрагасынын орун басары болуп шайланды.

> Ошондой эле жыйында Жогорку Кеңештин депутаты, КМШ ПААнын Контролдук-бюджеттик комиссиясынын төрагасы Данияр Толонов Парламенттер аралык союздун 152-сессиясынын жыйынтыктары тууралуу баяндама жасады. Ал өз сөзүндө ассамблея глобалдык экономика жана коопсуздук маселелери боюнча конкреттүү макулдашууларга жетишилген маанилүү аянтча болгонун белгиледи.

Мындан тышкары, жыйында Евразия коопсуздугунун архитектурасын калыптандыруудагы парламенттердин ролу, Россия менен Беларусь демилгелери, 2026-жылы “Эстелик поезди” маданий-билим берүү долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча баяндамалар угулду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-42.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3-37.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/4-26.jpeg)