> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адылбек Касымалиев Түркмөнстандын президенти менен жолукту
- URL: https://im.kg/biilik/2026/05/22/adylbek-kasymaliev-turkmonstandyn-prezidenti-menen-zholuktu/
- Published: 2026-05-22T08:02:10.000Z
- Updated: 2026-05-22T08:02:09.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстанга болгон жумуш сапарынын алкагында өлкө президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Жолугушуу Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында өттү.

Адылбек Касымалиев Түркмөнстандын президентине Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун жеткирди.

> Тараптар жолугушууда кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашып, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетика жана транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-47.jpeg)