> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# MCN Coin иши боюнча айыпталган Юруслан Тойчубеков акталды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/05/27/mcn-coin-ishi-boiuncha-aiyptalgan-iuruslan-toichubekov-aktaldy/
- Published: 2026-05-27T05:59:16.000Z
- Updated: 2026-05-27T05:59:16.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат

**Бишкектин Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубековду актады. Бул тууралуу саясатчы Феликс Кулов социалдык баракчасына жазды.**

> *"Жаңы эле жакшы кабар алдым: Бишкектин Биринчи Май райондук соту Юруслан Тойчубековду толук актады. Мен анын күнөөсүз экендигинен эч качан шек санаган эмесмин. Бирок, бул жеңиш анын ден соолугуна зыян келтирди. Акыйкатта, ал сынган жок, чыныгы күрөшчүл экен, баарына чыдады. Ал дагы деле өз элине кызмат кылат деп ишенем”, - деп жазган Ф.Кулов.* 

Эске сала кетсек, Юруслан Тойчубеков MCN Coin иши боюнча айыпталган. Буга чейин 2025-жылдын июнь айында Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, эч жака кетпөө тил каты менен бошоткон. Ал 2025-жылдын февраль айында камакка алынган. 

---

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) **жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан  
**окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз*!