> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ШКУ форумунун алкагында кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/05/28/shku-forumunun-alkagynda-kyrgyz-kytai-kyzmattashtygy-talkuulandy/
- Published: 2026-05-28T10:25:28.000Z
- Updated: 2026-05-28T10:25:27.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын өкүлү, ШКУнун Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык боюнча комитетинин төрайымы Шэнь Юэюэ менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти.**

Жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форумунун алкагында өттү.

Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, парламенттер аралык байланыштарды жана эл аралык аянтчалардагы кызматташууну талкуулашты.

> Мындан тышкары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы кызматташтык маселелерине көңүл бурулду.

Шэнь Юэюэ Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстан активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, өлкөнүн ШКУга төрагалыгын жогору баалады. Ошондой эле Бишкекте өтө турган ШКУ саммитинин маанилүүлүгүн белгиледи.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-72.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3-59.jpeg)