> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйынына катышууда
- URL: https://im.kg/biilik/2026/05/29/sadyr-zhaparov-zheektin-tar-kuramdagy-zhyiynyna-katyshuuda/
- Published: 2026-05-29T08:40:55.000Z
- Updated: 2026-05-29T08:40:54.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат

**Президенти Садыр Жапаров 29-майда Астана шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.**

Маалыматка ылайык, жыйындын алдында Көз карандысыздык сарайында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземи болуп өттү.

> *Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону, Армения Республикасынын Вице-премьери Мгер Григорянды, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаевди тосуп алды.*

Катышуучулар биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин, тар курамдагы жыйын өткөрүү үчүн залга өтүштү.