> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жарандык активист Адилет Балтабай түрмөдөн бошотулат
- URL: https://im.kg/biilik/2026/05/29/zharandyk-aktivist-adilet-baltabai-turmodon-boshotulat/
- Published: 2026-05-29T11:25:24.000Z
- Updated: 2026-05-29T11:25:24.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат

**Президент Садыр Жапаров камакта жаткан активист Адилет Балтабайга ырайым берди. Бул тууралуу А.Балтабайдын жакындары ырасташты.**

Адилет Балтабай бийликке сын айтылган акция, митингдерге катышып, жеринен социалдык түйүндөрдө түз эфирге чыгып, ар түрдүү маселелерде пикир билдирип жүргөнү менен таанылган.

Адилет Балтабай биринчи ирет 2022-жылы 30-июнда Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө суракка чакыртылып, соттун чечими менен камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Жапырт башаламандык") боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылы 11-ноябрда Биринчи май райондук соту Адилет Балтабайды күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, сот залынан бошотулган.

> *Активист эркиндикке чыккандан кийин Кемпир-Абад иши менен камалгандарды колдогон пикирин билдирип, алардын жакындары уюштурган акцияга да барган. Бул кадамы пробациянын эрежелерин бузуу катары эсептелип, 2023-жылы 12-январда Бишкек шаардык сотунун чечими менен экинчи ирет камалган.* 

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Адилет Балтабайды 15-декабрда үчүнчү ирет кармап, ал Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Бир аптадан кийин – 22-декабрда Чүй облустук соту активистти абакка кесүү тууралуу Сокулук райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Активист кийин Чүйдүн Петровка айылындагы түзөтүү мекемесине которулуп, ошол жакта камалып жаткан.