> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-жапон парламенти соода-инвестициялык  алаканы чыңдайт
- URL: https://im.kg/biilik/2026/06/03/kyrgyz-zhapon-parlamenti-sooda-investitsiialyk-alakany-chyndait/
- Published: 2026-06-03T10:35:40.000Z
- Updated: 2026-06-03T10:35:39.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Саясат

**Жапониядагы иш сапарынын алкагында "Ала-Тоо" депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров баштаган эл өкүлдөрү Жапония-Кыргызстан парламенттик достук лигасынын төрагасы Ген Накатани жана Жапония парламентинин депутаттары менен кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрдү.**

Анда саясий-экономикалык, соода-инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү жана парламенттер аралык алакаларды чыңдоо маселелери талкууланды.

> Тараптар парламенттик дипломатия эки өлкөнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөдө маанилүү экенин белгилеп, активдүү саясий диалогду улантуу зарылдыгын айтышты. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасынын Жапонияга расмий сапарын уюштуруу маселеси каралды.

Жолугушуунун соңунда Талайбек Масабиров жапон тарапты 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/hd-1780480631971-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/hd-1780480815778-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/hd-1780480631647.jpeg)