> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Данияр Үсөновдун баласы Казакстанда камакка алынды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/06/04/daniiar-usonovdun-balasy-kazakstanda-kamakka-alyndy/
- Published: 2026-06-04T13:45:08.000Z
- Updated: 2026-06-04T13:45:07.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат

**Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун уулу, Урмат Үсөнов Казакстанда кармалганын Казакстандын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Маалыматтарга караганда, ага жана үч шеригине "мыйзамсыз ишкерлик кылууга" байланыштуу айып тагылды.** 

> *Малыматка ылайык, Урмат Үсөнов менен дагы эки кыргыз жана бир казак жаранына "мыйзамсыз ишкерлик кылуу" жана "трансулуттук топ түзүүгө" байланыштуу айып тагылган. Алматы шаарынын Мамлекеттик киреше департаментинин эсебинде, казынага келтирилген чыгым 26 миллион теңге деп бааланган. Ошондой эле жалпы баасы 46 миллион теңгеден ашык, көлөмү 1,6 тонна кальян тамекиси алынган. Ошондой эле жалпы баасы 46 миллион теңгеден ашык, көлөмү 1,6 тонна кальян тамекиси алынган.*

Алматыдагы райондор аралык тергөө соту алардын бөгөт чарасын карап, эки айга камоо тууралуу чечим чыгарган. 

---

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан  
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен  
**Сиз ийгиликке жетишесиз*!