> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келди
- URL: https://im.kg/biilik/2026/06/11/gruziianyn-premer-ministri-ish-sapary-menen-kyrgyzstanga-keldi/
- Published: 2026-06-11T12:15:27.000Z
- Updated: 2026-06-11T12:15:26.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Кыргызстанга биринчи расмий сапары менен келди.

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, "Манас" эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. 

> *Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы жайгаштырылган.*

Белгилей кетсек, бул эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Грузиянын Өкмөт башчысынын Кыргызстанга жасаган биринчи расмий сапары.