> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Албаниянын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келет
- URL: https://im.kg/biilik/2026/06/16/albaniianyn-prezidenti-kyrgyzstanga-rasmii-sapar-menen-kelet/
- Published: 2026-06-16T12:10:28.000Z
- Updated: 2026-06-16T12:10:27.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат

**Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 17-19-июнда Албаниянын президенти Байрам Бегай Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.**

> *Маалыматка таянсак, сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт, ошондой эле экономика, айыл чарба, туризм, транспорт, санариптештирүү жана башка багыттарда мындан аркы өз ара аракеттенүү жөнүндө пикир алмашышат.*

Белгилей кетсек, Албаниянын президентинин расмий сапары кыргыз-албан мамилелеринин тарыхында биринчи жолу болуп, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө пайдубал түзөт.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен **Сиз ийгиликке жетишесиз*!