> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Шаршенбек Абдыкеримовдун агасы камакка алынды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/06/23/sharshenbek-abdykerimovdun-agasy-kamakka-alyndy/
- Published: 2026-06-23T08:06:43.000Z
- Updated: 2026-06-23T08:06:42.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат

**“АЮ” холдингинин мурдагы жетекчиси Тыныбек Исаев кайрадан тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-июнда чыгарды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти**.

Маалыматка таянсак, сот Исаевди 20-августка чейин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен айып тагылууда.  

> *Тыныбек Исаев “АЮ” холдингинин ээси жана түптөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун жакын тууганы.*

Исаевге холдингге байланыштуу 2024-жылы кылмыш иши козголгон. Шаршенбек Абдыкеримовго карата издөө жарыяланган.