> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Марлен Маматалиев айлыгы 54 миң сом экенин билдирди
- URL: https://im.kg/biilik/2026/06/25/marlen-mamataliev-ailygy-54-min-som-ekenin-bildirdi/
- Published: 2026-06-25T04:40:45.000Z
- Updated: 2026-06-25T05:12:09.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Саясат

**Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өткөргөн маалымат жыйынында айлыгы 54 миң сомду түзөрүн, ал эми жалпы алган каражаты 80 миң сомдун тегерегинде экенин билдирди.**

> Анын айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасынын фондусуна жыл сайын 30 миллион сом бөлүнөт. Бул каражаттын эсебинен жарандардын жана мекемелердин кайрылууларына жардам көрсөтүлүп келет.

"87 адамга жардам берилген. 50 адамга материалдык көмөк көрсөтүлдү. Ошондой эле 74 билим берүү мекемеси ар кандай жабдуулар менен камсыз болду. Спорт тармагына жана жаштардын демилгелерине да колдоо көрсөтүлүүдө", — деди төрага.

Марлен Маматалиев төраганын фондунун каражаттары социалдык багыттагы долбоорлорду, билим берүү мекемелерин жана жарандардын кайрылууларын колдоого жумшалып жатканын белгиледи.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен **Сиз ийгиликке жетишесиз*!