> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Индонезия экономикалык кызматташтыкты бекемдейт
- URL: https://im.kg/biilik/2026/07/03/kyrgyzstan-menen-indoneziia-ekonomikalyk-kyzmattashtykty-bekemdeit/
- Published: 2026-07-03T03:38:58.000Z
- Updated: 2026-07-03T03:38:57.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Саясат

**Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индонезиянын тышкы иштер министринин орун басары Анис Маттаны кабыл алды.**

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2-июлда өткөн жолугушууда тараптар саясий диалогду чыңдоо, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана эл аралык аянтчалардагы өз ара макулдашылган кызматташтыкты жакшыртуу боюнча пикир алышты.

> Жээнбек Кулубаев Кыргызстан Индонезияны Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү жана достук өнөктөш катары көрөрүн белгилеп, соода-экономикалык, инвестициялык, туристтик, маданий-гуманитардык тармактардагы жана адал-индустриясы боюнча долбоорлорду өнүктүрүүнүн зарылдыгын айтты.

> Өз кезегинде Анис Матта Индонезия кыргыз тарап менен мазмундуу диалогду улантууга, экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, бизнес чөйрөлөрдүн кызматташтыгын кеңейтүүгө жана маданий-гуманитардык алакаларды бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда эки тарап тең кыргыз-индонезиялык достук мамилелерди мындан ары бекемдөөгө жана эки тараптуу кызматташтыкты системалуу нукта өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырасташты.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз *ийгиликке жетишесиз*!