> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адылбек Касымалиев Михаил Мишустин менен жолукту
- URL: https://im.kg/biilik/2026/07/06/adylbek-kasymaliev-mikhail-mishustin-menen-zholuktu/
- Published: 2026-07-06T03:26:02.000Z
- Updated: 2026-07-06T03:26:01.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат

**Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алгачкы күнү Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.**

> *Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун ар түрдүү багыттарындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдө экономика, соода, транспорт багыттары боюнча кызматташтык маселелери каралды. Өкмөт башчылары эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган жаңы биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууну пландап жатканын белгилешти.*

Эске салсак, Адылбек Касымалиев жумушчу сапары менен Екатеринбург шаарында жүрөт. Анын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрүп, "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышат.