> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардарини расмий тосуп алды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/07/07/sadyr-zhaparov-pakistandyn-prezidenti-asif-ali-zardarini-rasmii-tosup-aldy/
- Published: 2026-07-07T07:49:24.000Z
- Updated: 2026-07-07T07:49:23.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Бүгүн Чолпон-Атада Президент Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуу аземи өттү.**

Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, салтанаттуу азем “Рух-Ордо” маданий борборунда уюштурулуп, анда Кыргызстан менен Пакистандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилди. Иш-чарага 40 этно-жоокер катышты.

> Расмий саламдашуудан кийин мамлекет башчылары Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң лидерлер Ардак кароолдун катарын кыдырып чыгып, Пакистандын президенти Асиф Али Зардари аскер кызматкерлерине салам жолдоду.

Мындан кийин эки өлкөнүн лидерлери расмий делегациялардын мүчөлөрү менен таанышып, протоколдук сүрөткө түшүштү.

Расмий аземден соң Садыр Жапаров менен Асиф Али Зардари №2 мамлекеттик резиденциянын Конгресс-холлунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөргө өтүштү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/DOS_8830.JPG)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/DOS_8831.JPG)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/DOS_8832.JPG)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/DOS_8919.JPG)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/DOS_8988-1.JPG)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/DOS_8992.JPG)