> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кылмыш иши козголду
- URL: https://im.kg/biilik/2026/07/08/chuidun-murdagy-yigarym-ukuktuu-okuluno-kylmysh-ishi-kozgoldu/
- Published: 2026-07-08T12:36:09.000Z
- Updated: 2026-07-08T12:36:09.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат

**Президенттин Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровго карата дагы бир кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.**

Маалыматка караганда, Мияровго Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренеси ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу") боюнча иш козголгон. 

> *Мындан тышкары Октябрь райондук сотунда көп аял алуу жана кат алышуунун купуялуулугун бузуу боюнча иш каралууда.*

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын тургуну Хабиби Уланова мурдагы жарандык никедеги күйөөсү Мирбек Мияровду көп аялдуулук боюнча айыптаган.